Германия менен Улуу Британия Ливиянын режимине каршы эл аралык катаал чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгын бүгүн (26-февралда) макулдашкан.
Немис өкмөт башчысынын кеңсеси канцлер Ангела Меркел жана британ премьери Дэвид Камерон БУУнун Коопсуздук кеңеши чектөөнү мүмкүн болушунча тез киргизүүсү керек деп эсептешет.
Мунун алдында БУУнун Коопсуздук кеңешин Ливиядагы кан төгүүнү токтотуу үчүн тезинен чара көрүүгө БУУнун Башкатчысы Пан Ги Мун да үндөгөн.
- Кырдаал абдан оор бойдон калууда. Биз кыянатчылыктар жана көп адамдардын өлүмү менен коштолгон кагылышуулар жөнүндө жаңы маалыматтарды алдык. Бизде адам укуктарынын масштабдуу, системалуу түрдө бузулганы, анын ичинде жазыксыз өлтүрүүлөр, негизсиз камоолор, тынч демонстранттарга ок атуу, оппозиция жактоочуларын камоо жана кыйноого алуу, чет элдик жалданмалардын колдонулганы боюнча маалыматтар бар.
Соңку күндөрү Ливияда өкмөткө каршы демонстранттар менен өлкө лидери Муаммар Каддафиге ыктаган күчтөрдүн ортосундагы кагылыштардан жүздөгөн, балким миңдеген адам өлдү деп болжолдонууда.
БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө АКШ, Улуу Британия, Франция резолюция долбоорун даярдады. Анда тынч жарандарга кол салууну адамзатка каршы кылмыш катары эсептөөгө мүмкүн экени айтылат. Коопсуздук кеңешинин кароосуна берилип жаткан резолюция долбоорунда Ливиядагы окуяларды иликтөөнү Эл аралык кылмыш сотуна берүү сунуш кылынары күтүлүүдө. Документ долбоору добушка бүгүн салынышы мүмкүн.
АКШнын администрациясы болсо Муаммар Каддафинин режимине каршы бир тараптуу чектөө киргизип, Каддафинин, анын үй–бүлө мүчөлөрүнүн жана ага жакын адамдардын АКШдагы банк эсептерин, активдерин тоңдурмай болду.БУУ