Окуя Орусиянын ордо шаары Москвадагы дүкөндөрдүн биринин сыртында болду. Өзүндөгү гранатаны жардырып өлгөн жанкечтиден башка эч ким жабыр тарткан жок.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ал адам оболу автоунаасын токтотуп коюп, андан соң кол гранатасын алып, аны дүкөндүн оозуна барганда дүрмөткө келтирген. Мындай кадамга эмне себептен барганы белгисиз.
Өткөн айда Москванын Домодедово аэропортунда жанкечти жасаган жардыруудан 37 киши каза тапкан. Андан бери шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн эле.