Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “террорчу” деп кармаган адамдардын ата-энелеринин жана жакындарынын арызын атайын депутаттык комиссия иликтей турган болду. Мындай чечим Жогорку Кеңештин жума күнкү жыйынында кабыл алынды. Парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, аталган комиссиянын курамына ар бир фракциядан бир депутат кирет. Алар бир айдын ичинде жасаган иштеринин жыйынтыгын Жогорку Кеңешке билдирүүгө тийиш.
Улуттук коопсуздук комитети эл аралык террорчу топторго тиешеси бар жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү деп атаган элүүдөн ашык адам абакта кармалууда. Алардын бир даарына 2010-жылы ноябрда “Спорт ордосунун жанындагы жардырууну уюштурган”, андан соң “Сокулук районунан АКШ атуулун тоноп, анын унаасына жардыргыч заттарын салып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жанында жардырууга аракет кылган” жана “милиция кызматкерлерине кол салган” деген айыптар тагылган. Камактагылардын жакын туугандары болсо мындай айыптоолорго макул эмес. Мындан улам алар 24-февралда Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясын өткөргөн. (KKs)