Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Түндүк Корея Түштүк Кореяга эскертүү жасады


Эскертүүгө караганда, эгер Түштүк Корея менен АКШнын эртең башталуучу биргелешкен аскерий машыгуусу учурунда чагым жасалса, ал экөөсүнө тең кол салат. Пхеньян буга окшогон коркутууларды утур-утур жасап келет, бирок бул жолку эскертүү эки корей өлкөсүнүн сүйлөшүү аракети оңунан чыкпагандан эки аптадан кийин айтылып олтурат. Чыгыш Азиядагы чыңалуу былтыр Түштүк Кореянын кемеси чөгүп, деңиз аскерлери мерт болгондон бери күчөп кетти. Түндүк Корея Түштүк Кореянын бул ишке катышы бар деген айыптоолорун четке кагып келет. АКШ менен Түштүк Кореянын эртең башталуучу машыгуусу Корей жарым аралындагы ыктымал чукул кырдаалдарга даярданууга багытталган.

XS
SM
MD
LG