Жарылуу түштүктөгү Кандагар провинциясында болду. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, провинция борбору Кандагар шаарынын чет жакасында, Аргандаб деген райондо иттердин урушун көрүү үчүн чогулган адамдар арасында эки бомба жарылган. НАТО жана ооган күчтөрү Талибандан тазалоого аракеттенип жаткан Кандагар аймагында кыянатчылыктар күчөгөндүгү байкалат.