Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Орусия БУУнун Ливия боюнча санкциясын колдоду


Өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн тараткан билдирүүсүндө Ливиянын бийликтерин “адам укуктарын урматтоого”, “эл аралык гуманитардык мыйзамды сактоого” чакырды.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Бишкек убактысы боюнча ишембиден жекшембиге караган түнү кабыл алган санкцияларга ылайык, Ливияга курал сатууга эмбарго киргизилет, өлкө лидери Муаммар Каддафинин, анын жакын адамдарынын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөгө каттоосуна тыюу салынат, алардын четтеги активдери жана банк эсептери тоңдурулат.

БУУнун Коопсуздук кеңеши ага катар Эл аралык кылмыш сотуна Ливиядагы окуяларды иликтеп, жарандардын өлүмү үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

АКШнын БУУдагы элчиси Сьюзан Райс резолюцияны эл аралык коомчулуктун жалпы пикири катары мүнөздөдү:

- Бейкүнөө адамдарга каршы мыкаачылык жасалган учурда эл аралык коомчулук бир добушта болушу керек жана бүгүн ал бар. Коопсуздук кеңеши кыянатчылыктарды айыптоо, жоопкерчиликке тартуу жана Ливиянын күнөөсүн мойнуна албаган лидерлерине карата сокку уруучу санкция киргизүү үчүн жыйналды. Бул Ливиянын өкмөтү адам өмүрүн кыйууну токтотуусу үчүн айдан-ачык эскертүү.

БУУнун Коопсуздук кеңеши санкцияларды жактырар алдында АКШ президенти Барак Обама Муаммар Каддафинин кызматтан кетүүгө биринчи ирет үндөдү.

XS
SM
MD
LG