“Интерфакс-Украина” агенттигинин билдиргени боюнча, 26-февралда Украинанын учагы 94 жүргүнчү менен Ливиянын борбору Триполиден кайтып келген. Анын ичинде Украинанын 50 жараны, Орусиянын 19, Азербайжандын 14, Казакстандын 4, Кыргызстандын 3, Беларусиянын 2, Түркия менен Босния-Герцоговинанын бирден жарандары болгон. Бул маалыматты агенттикке Украинанын Тышкы иштер министрлиги тастыктаган.
Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилигинен болсо кыргыз жарандарынын Ливиядан кеткен-кетпегени тууралуу маалымат азырынча жок экендигин “Азаттыкка” билдиришти. Алардын айтымында, Ливияда бар деп айтылып жаткан Кыргызстандын алты жараны менен азыркы тапта байланышуу мүмкүн болбой жатат. (KKs)