Улуттар уюму киргизген санкциялардын артынан Британия бүгүн Муаммар Каддафини жана анын үй-бүлөсүн дипломатиялык иммунитеттен ажыраткандыгын жарыялады. Өлкөнүн тышкы иштер министри Уильям Хейг мындай дейт:
- Өткөн түнү мен Улуу Британияда аны (Каддафини), уулдарын, үй-бүлөсүн дипломатиялык иммунитеттен ажыраткан буйрукка кол койдум. Демек биз анын маккамына карата кандай турумда экендигибиз айдан-ачык.
Ал эми БУУнун Коопсуздук кеңеши кечээ бир добуштан кабыл алган санкцияларга ылайык, Ливияга курал сатууга эмбарго киргизилет, Каддафинин, анын жакын адамдарынын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөгө каттоосуна тыюу салынат, алардын четтеги активдери жана банк эсептери тоңдурулат.
БУУнун Коопсуздук кеңеши ага катар Эл аралык кылмыш сотуна Ливиядагы окуяларды иликтеп, жарандардын өлүмү үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.
БУУнун Коопсуздук кеңеши санкцияларды жактырар алдында АКШ президенти Барак Обама Муаммар Каддафинин кызматтан кетүүгө биринчи ирет үндөдү.
Бул аралыкта БУУнун Качкындар иши боюнча мекемеси эл аралык коомчулукту Ливиядан азыркыга чейин качкын болгон 100 миң кишиге жардам көргөзүүгө чакырды жана өлкөдө “гуманитардык кризис” күчөп бара жаткандыгын эскертти.