Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:40

Медиа маселелерин талкуулаган жыйын өтөт


Бүгүн кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультети “Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын маселелери” аттуу экинчи республикалык медиа-симпозиумун өткөрмөкчү. Бул тууралуу "Азаттыкка" КТМУнун Коммуникация факультетинин кызматкери Элира Турдубаева билдирет.

Иш-чара Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын абалын, орчундуу маселелерин талкуулоо жана аларды чечүүчү жолдорун сунуштоо максатын көздөйт. Симпозиумга Кыргызстандагы ММК тармагына тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү ММКнын жетекчилери, өлкөнүн бардык областтарында эмгектенген журналисттер, журналистика факультеттеринин декандары, мугалимдери жана студенттери катышат.

Кыргызстандагы коомдук жана жеке менчик телерадио берүүлөрүнүн абалы, басма сөздүн өнүгүү маселелери, социалдык медиа (блогдор, интернет ММК), медиа изилдөөлөр жана медиа тармагындагы билим берүү маселелери талкууланмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG