Араб өлкөлөрүнүн лигасынын баш катчысы Амр Мусса өз мекени Египетте боло турган президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Египеттин Баш мыйзамына киргизилген өзгөрүүлөр референдумда колдоого алынса, президенттик шайлоого Мусса сыяктуу көз карандысыз талапкерлердин катышуусун бир топ жеңилдетет.