Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:55

Роза Отунбаева Бельгияга иш сапар менен жөнөп кетти


Бүгүн, 28-февралда, Президент Роза Отунбаева иш сапары менен Брюссель шаарына учуп кетти. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысынын Бельгия парламентинин өкүлдөр палатасынын төрагасы Андре Флао, Бельгиянын премьер-министри Ив Летерм, Европарламенттин Президенти Ежи Бузек, Еврокомиссиянын төрагасы Жозе М.Баррозу, Европа Союзунун Президенти Херман Ван Рампей, Тышкы иштер комитетинин мүчөлөрү-депуттатары жана Европарламенттин Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациясы, НАТОнун Башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен, ошондой эле Эл аралык кризис тобунун (ICG) Президенти Луиза Арбур менен эки жактуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Бейрасмий булактардын маалыматына караганда, Роза Отунбаева Бельгиядан ары Францияга жана АКШга барат. Вашингтондо 8-мартта Кыргыз президентине АКШнын мамдепартаментинин аялдар үчүн арнаган сыйлыгын Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон тапшырат. Мамдепартаменттин аялдардын каармандыгы үчүн уюштурган сыйлыгы (International Woman of Courage Award) аялдардын укугун коргоо, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюу, өкмөттөгү коррупцияны ооздуктоо иштерине активдүү катышкан ишмерлерге ыйгарылат. (КС)

XS
SM
MD
LG