“Кыргызстандын Жашылдар партиясы” Бишкек жана Ош шаарларында жолбун иттерди атып өлтүргөнгө каршы болуп көп жашоочулар телефон чалып жатышканын билдирди. Аталган партия шаар жашоочуларын жолбун иттерден сактоонун гумандуу жолун табууга үндөп, бул үчүн АКШнын тажрыйбасын карап көрүүнү сунуш кылган. АКШда жолбун иттерди өзүнчө жайларда бир топ убакыт кармап туруп, ээси табылбаса, дары берип уктатып коюшат экен. (КС)