Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Таза иштөөгө милдеттенген алкоголдук компаниялар текшерүүдөн бошотулат


Спирт жана алкоголь продукцияларын чыгарууну көзөмөлдөгөн мамлекеттик агенттик менен келишимге кол койгон арак-шарап продукциясын чыгарган ишканалар текшерүүлөрдөн бошотулат. Бул жөнүндө бүгүн алкоголдук тармактын жыйынына катышкан биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов билдирди. Анын айтымында, арак-шарап чыгарган ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди. Өкмөт менен таза иштөө жөнүндө келишимге кол койгон компаниялар прокуратура, ИИМ, Каржы полициясы сыяктуу мамлекеттик текшерүү органдарынын кийлигишүүсүнөн дагы бошотулмакчы.

Мамлекет арак-шарап чыгарган ишканаларды көмүскөдөн чыгып, таза иштөөгө үндөп, аларга планды быйыл эки-үч эсе көбөйткөн. Эгерде коррупциялык жолго түрткөн текшерүүлөр токтосо, алкоголь тармагындагы ишканалар мамлекетке 1 миллиард 300 млн сом пайда бере тургандыктарын билдиришкен. Бул былтыркы жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда эки эсе көп. (КС)

XS
SM
MD
LG