БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрүүгө чакырды. Шашылыш жыйынды чакырууга Беларустун эл аралык эмбаргону бузуп, Пил сөөгүнүн жээги мамлекетине курал- жарак сатуусу түрткү болду. Беларус, БУУнун маалымдашынча, Батыш африкалык өлкөнүн "ээрден түшпөс" лидери Лаурент Гбагбону колдоо үчүн үч аскерий тик учак жана башка куралдарды саткан. Эл аралык коомчулук былтыр 28- ноябрда өткөн шайлоодо Аллан Уаттраны жеңди деп тааныган. Ага карабай Лорен Гбагбо президенттикти бербей жатат.