Йемендин байтакты Санаада жана башка шаарларда он миңдеген адамдар бүгүн да көчөгө чыгышып, 32 жыл бийликте отурган Али Абдулла Салинин президенттиктен кетүүсүн талап кылышууда. Күбөлөрдүн сөзүнчө, Санаа университетинин алдына 5 миңдей адам чогулган. Түндүктөгү Ибб жана Худейда шаарларында демонстрацияга миңдеген адамдар, ал эми Санаадан 200 чакырым түштүктөгү Таизде кеминде 10 адам чыкканы кабарланууда.
Жергиликтүү бийликтер түштүктөгү Абаян провинциясында “ал-Каидачылардын” эки башка кол салуусунан 2 жоокер өлүп, 11 аскер жарадар болгонун билдиришти.
Жергиликтүү бийликтер түштүктөгү Абаян провинциясында “ал-Каидачылардын” эки башка кол салуусунан 2 жоокер өлүп, 11 аскер жарадар болгонун билдиришти.