Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Тажик президентинин уулу чоңойтулду


Президент Эмомали Рахмондун улуу уулу Тажикстандын бажы кызматында жооптуу орунга дайындалды. Береги кызматта иштеген жана атын атабоону өтүнгөн адамдын “Азаттыкка” айтышынча, 23 жаштагы Эмомали комитеттин мыйзамсыз операцияларга каршы башкармалыгын жетектей баштады. Эмомали буга чейин Мамлекеттик мүлк комитетинде кеңешчи болуп иштеген. Ал 2009-жылдан бери башкаруучу Улуттук демократтык партиянын Борбордук Комитетинин мүчөсү, ошондой эле Тажикстандын футбол федерациясынын орун басар төрагасы. Тажик президентинин кызы Озода былтыртан бери тышкы иштер министринин орун басары.

XS
SM
MD
LG