Мугалимдердин профсоюзу мындан мурда 1-марттан тарта иш таштоого чыгуулары мүмкүн экенин жарыялашкан. Бирок Билим берүү тармагынын борбордук профсоюзунун төрагасы Асылбек Токтогулов “Азаттыкка” билдиргендей, белгиленген иш-чара белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Буга мугалимдердин айлык-акысын 1-марттан тарта көтөрүү мүмкүнчүлүгүн Жогорку Кеңештеги бир катар депутаттар колдогону себеп болду.
Ага чейин өкмөт мугалимдердин айлык-акысы 1-майдан тарта көтөрүлөрүн билдирип, мындайга бир катар мугалимдер нааразылыгын билдиришкен. Асылбек Токтогуловдун айтымында, нааразычылык акциялары белгисиз мөөнөткө гана жылдырылды. “1-марттан тарта мугалимдер жогорулатылган айлык ала баштамайынча, ушул талап аткарылмайынча нааразычылык маанайдан кайтпайбыз”,- дейт ал. (IJz)