Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

Башкы бажычы Кулматов Орусиянын жараны эмес


Өкмөткө караштуу Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов Орусиянын жараны эмес. Мындай маалыматты Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын директорунун орун басары Николай Смородинге шилтеме кылып, өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү таркатты.

Маалыматка караганда, Орусиядан келген ырасмий катка ылайык, ал өлкөнүн миграциялык кызматынын борборлоштурулган эсепке алуу боюнча автоматтык маалыматтык системасында Кубанычбек Кулматов Орусиянын жарандыгын алгандардын катарында катталган эмес.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов 2010-жылдын 31-августуна чейин Орусиянын жараны болгону туурасында айтып чыгып, аны кызматтан алуу демилгесин көтөргөн. (IJz)

XS
SM
MD
LG