Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Йемендеги дарыгерлер Кыргызстанга кайтуудан баш тартууда


Йеменде иштеген кыргызстандык дарыгерлер өз өмүрлөрү үчүн кооптоно турган жагдай жоктугун айтышканын Тышкы иштер министрлигиндеги консулдук башкармалыктын башчысы Айдит Эркин билдирди. ТИМдин маалыматы боюнча, Йеменде 29 кыргызстандык жаран келишим менен дарыгер болуп иштешет.

Ушул эле башкармалыктын өкүлү Алмаз Имангазиевдин «Азаттыкка» айтымында, бийликке каршы демонстрациялар күч алып турган Ливиядан кыргызстандык жарандарды алып чыгуу каралууда:

- Аларды чыгарып кетүүгө биз даярбыз. Түркия, Орусия, Украина жана Казакстандагы элчиликтер менен дайыма байланышта болуп жатабыз. Биздин жарандар аларга кайрылса, бул мамлекеттер чыгарып кетүүгө даяр. Расмий эмес маалыматтарда дагы сегиз-он адамды чыгарып кеткени жатабыз. Бул азырынча бекемделбеген маалымат. Алар менен Түркиядагы жана Сауд Арабстандагы элчиликтер байланышып жатат.

Жалпы араб өлкөлөрүндө Кыргызстандын 500 чамалуу жараны болушу мүмкүн. ТИМ зарылчылык болсо кыргыз тарап толкундоолор болуп жаткан бардык өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды алып келүүгө даяр экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG