Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Бир аптада нандын баасы 3,3% өстү


Экономиканы жөнгө салуу министрлигинен билдиришкендей, өткөн аптада нандын баасы 3,3% өсүп бир килограмм нан 34 сомго жакындаган. Буудай 6,4% кымбаттап, бир килосу 15 сомдон ашкан. Мындан сырткары, республика боюнча сүт азыктарына жана өсүмдүк майына баанын өсүшү 0,8% түзүп, айрым жашылча жемиштер арзандаган. Аталган министрликтин иликтөөсүнө караганда, сабиз, пияз, сарымсак, Ош облусунда күрүч 3% арзандаган. Ошондой эле бир жума ичинде күйүүчү жана майлоочу майдын баасы 0,6% түшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG