Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Эрбакан Ыстамбулда жайга берилет

Түркиянын биринчи исламчыл премьер-министри Ничметтин Эрбакан бүгүн (1-март) Ыстамбулда акыркы сапарга узатылат. Эрбакан жекшемби күнү 85 жаш курагында Анкарадагы ооруканада көз жумган. Сөөк узатууга катышуу үчүн премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Брюсселге болчу сапарын токтотту. Эрбакандын сөөгү бүгүн Анкарадан Ыстамбулга узатылды. Зыяпатка жүздөгөн адамдар, ошондой эле өкмөттүн бир нече мүчөсү катышты.
XS
SM
MD
LG