Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Ыстамбулда Эрбакандын тазиясы өтүүдө


Бүгүн (1-март) Ыстамбулда Түркиянын биринчи исламчыл премьер-министри Ничметтин Эрбакандын тажиясы болууда. Эрбакан 1997-жылы бир жыл иштебей жатып, аскерий төбөлдөрдүн кысымынан улам премьерликтен кеткен. Ал шарият жөрөлгөлөрүн коомдук турмушта кеңири колдонууга киргизүүгө, Түркияны Иран жана Ливия сыяктуу ислам мамлекеттери менен жакындатууга аракеттенген.

Эрбаканды жайга берүүгө катышуу үчүн премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Брюсселге болчу сапарын токтотту. Ыстамбулдун Фатих мечитиндеги тажияга он миңдеген адам чогулду. Алардын ичинде президент Абдулла Гүл, премьер-министр Эрдоган баштаган ырасмий адамдар да бар.

Эрбакан жекшемби күнү 85 жаш курагында Анкарадагы ооруканада көз жумган.

XS
SM
MD
LG