Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Евробиримдик Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүүгө даяр


Ал үчүн Кыргызстан Эл аралык валюта кору бекиткен реформаны так аткарууга тийиш экенин Еврокомиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу 1-мартта билдирди. “Эгер мен айткан шарт аткарылса, биз тышкы финансылык муктаждыкты толуктоо үчүн микрофинансылык кошумча жардам бере алабыз”,-деди Баррозу Брюсселде Кыргызстандын лидери Роза Отунбаева менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынынан соң “Азаттыктын” кабарчысына курган маегинде.

Кыргыз президенти азыр Бельгияда эки күндүк сапарда жүрөт. Евробиримдик Кыргызстанга 2010-11-жылдарда 118 миллион евро жардам убада кылган. Еврокомиссия чукул арада Бишкекке бюджетке кошумча жардам берүү мүмкүнчүлүгүн үйрөнүү үчүн өз эксперттерин жөнөтөт. Демейде Биримдик мындай жардамды жакынкы коңшуларына гана берчү.

XS
SM
MD
LG