Белгиянын баш калаасындагы дүйнө элдеринин музыкалык аспаптар музейинин көргөзмө залын кыргыздын комузу менен чопо чоору толуктады.
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Белгияга иш сапары маалында кыргыздын байыркы эки музыкалык аспабын музейге салтанаттуу жагдайда тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Президент Отунбаева музейге берилген улуттук аспаптардын тарыхын, алардын кыргыздын улуттук музыкалык мурасын сактап калуудагы маани-маңызын айтып берди.
Брюсселдеги дүйнөлүк музыкалык аспаптар музейинде жүздөн ашуун өлкөнүн музыкалык инструменттери бар.