Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Ливия-Тунис чек арасында кырдаал кризистик абалга жетти


Улуттар Уюмунун качкындар агенттиги Ливиянын Тунис менен чек арасында кырдаал кризистик абалга жеткенин билдирүүдө. Соңку 10 күндөгү Ливияда уланып жаткан зордук-зомбулуктан качып чыккан 70-75 миңдей адам чек арада турат. Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариатынын маалымат катчысы Мелисса Флеминг 28-февралда 14 миң адам Тунистин чек арасын кесип өткөнүн, 2-мартта 10-15 миң киши чек арада кезекте турганын билдирди.

Ал ортодо Ливиянын президенти Муаммар Каддафинин күчтөрүнүн Завия шаарын оппозициядан кайра тартып алууга жасаган аракети майнапсыз болду. Завия борбор калаадан 50 гана чакырым алыс турат.

АКШ согуштук кемелери менен учактарын Ливияга жакын жылдырып койсо, британ премьер министри Дэвид Кэмерон Каддафинин бийлигине каршы аскердик күчтөрдү пайдаланууга зарылдык жоктугун айтты. Ушундай эле пикирди Франциянын тышкы иштер министри да билдирди.

XS
SM
MD
LG