Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгы бекемделет


Бүгүн Кыргызстанга иш сапары менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы – Литванын тышкы иштер министри Аудронюс Ажубалис келди.

ЕККУнун Бишкектеги өкүлүнүн орун басары Лилиан Дарий уюмдун төрагасы бүгүн Ошко барып, жергиликтүү бийлик органдары, калкы менен жолугушуулары өткөрүп жатканын “Азаттыкка” маалымдады.

Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыктын азыркы абалын жана келечекке карата иш максаттарды талкуулоо үчүн келген Аудронюс Ажубалис эртең Бишкекке келип, Жогорку Кеңештин депутаттары жана премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен жолугаары пландаштырылып жатат.

XS
SM
MD
LG