Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:03

Ноокатта абал тынч


Беш жүзгө чукул адамдын катышуусунда Оштун Ноокат районунда салык инспекциясынын башчысын өлтүрүп кеткен адамдарды жазага тартуу талабын койгон кечээ күнкү митингден кийин ал жердеги абал азыр тынч. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов билдирди.

Ноокаттын салык башчысы Сагынбек Алимбаевдин сөөгү 23-февраль күнү “Лексус” унаасынын ичинде табылган.

Ибрагим Жунусовдун айтымында, митингге катышкан 20 адам кармалганы чын, бирок түшүндүрүү иштеринен кийин алардын бардыгы кайра койо берилген. Вице-премьер ошондой эле кечээ күнкү окуяда кыргыздар же өзбектер деп улут жагынан бөлүнүү болбогондугун айтты.

XS
SM
MD
LG