Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Айылда кала турган мугалимдерге акчалай сыйлык берилет


Ошто үйлөнүп, айылда кала турган жаш мугалимдерге акчалай сыйлыктар берилет. Кара-Суу районунун акими Байыш Жусуповдун “Азаттыкка” билдиришинче, мындай чечим жаш мугалимдердин жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, жаңы үйлөнгөн мугалим түгөйлөргө 20 миң сомдон, эгер мындай үй-бүлөлөр өзбек-кыргыз улутунан болсо, аларга 100 миң сомдон сыйлык берилет. Ушул тапта аларды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн жер бөлүнүүдө. Акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнөт. Акимдин айтымында, мындай демилге региондордо жаш мугалимдерди кармап калуу жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында көтөрүлүп жатат.

Ушул тапта Кара-Суу районунда 300гө чукул жаш мугалим бар. Алар бир жарым миң сомдон үч миң сомго чейин маяна алышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG