Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

Ливияга каршы күч колдонуу мүмкүнчүлүгү каралууда


Ливияда Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр өлкө чыгышын жана батышын эрегишчилерден кайтарып алганга аракет кылууда. Маалыматтарга караганда, каддафичилер чыгыштагы өтө маанилүү Брега мунай иштетүүчү комплексин ээлеп, Аждабия шаарын бомбалаган. Каддафинин Триполидеги резиденциясына чукул жерде күйүүчү май тарткан автоунаа жарылганы кабарланды. БУУнун маалымдашынча, 20-февралдан бери Ливиядан Туниске 70 000-75 миңдей адам качып өткөн.

Бүгүн АКШнын эки аскерий кемеси Суэц каналы аркылуу Ливияны көздөй баратат. "USS Barry" кемеси каналдан дүйшөмбү күнү өткөн. Шейшемби күнү АКШ Коргоо министри Роберт Гэйтс бир нече америкалык аскерий кеме Ливиянын жээгине күзөткө жөнөтүлгөнүн тастыктап, бирок аскерий аракеттер боюнча НАТО менен келишим жок экенин эскертти.

Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Ливияга каршы аскер колдонуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди. Франция жана Россия күч пайдалануу үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мандаты зарыл дешүүдө.

XS
SM
MD
LG