Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Иран парламенти бийликти мыйзамды сактоого чакырды

Иран парламенти 2-мартта бийликти оппозиция лидерлери Мир Хусейин Мусави жана Мехди Карубиге "мыйзам чегинде" мамиле жасоого чакырды. Үндөөнү 14-февралдагы өкмөткө каршы чыгууларды иликтеген парламенттик комитет жасады. Мусави жана Каруби 14-февралда элди Арап өлкөлөрүн колдоп, демонстрацияга чыгууга чакыргандан бери үй камагында отурушкан. Бирок 24-февралда алардын үй-бүлөсүнүн жана оппозициянын сайты эки саясатчы аялы менен кошо камакка алынганын кабарлашкан. 1-мартта прокурор Тегерандын түрмөсүндө эки саясатчы жок деп билдирди.
XS
SM
MD
LG