Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Отунбаева Европарламенттин президенти менен жолукту


Бельгиядагы жолугушууда Европарламент президенти Ежи Бузек Кыргызстандын демократиялык өлкөнү куруу жолундагы жетишкендиктерин колдой тургандыгын билдирди.
Роза Отунбаева парламенттик башкарууну түптөөдө европалык парламенттин тажрыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин белгиледи. Ал ушул тапта өлкөдө мыйзамды жаңы Конституцияга ылайык келтирүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Ошондой эле бюджет тартыштыгы туурасында, коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан чаралар, сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоо боюнча сөз болду.

Кыргыз президентин парламенттин оппозициялык партияларынан депутаттар Асия Сасыкбаева менен Турсунбай Бакир уулу коштоп жүрөт. Ежи Бузек оппозициялык маанайдагы депутаттардын Кыргызстандын ички жана тышкы саясатын калыптандырып, ишке ашырууга катышып жаткандыгын жана президентти коштоп жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин жактырды. (AzK)

XS
SM
MD
LG