Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Президент Отунбаева Брюссель сапарын улантууда


Кыргыз президенти Роза Отунбаева 2-мартта Брюсселде Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу менен жолугушту. Баррозу Европа Союзу Кыргызстанда парламенттик башкаруунун түптөлүүсүн колдоорун, болочокто өлкөдө айкындыктын жана адилетчиликтин өнүгүшүнө багытталган ар кандай жардамды Биримдик Кыргызстандан аябасын билдирди. Кыргыз президентинин басма сөз кызматынын маалымдашынча, Еврокомиссиянын төрагасы 2013-жылга чейин Кыргызстанга 51 миллион евро грант берилерин дагы бир ирет тастыктады.

XS
SM
MD
LG