Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Каддафи акыркы адамы калганча согушат


Муаммар Каддафи Ливиянын чыгышындагы шаарларды козголоңчулардан кайтарып алуу үчүн “акыркы эркек менен аял” калганча согушарын билдирди. Ал 2-мартта Триполиде тарапкерлери алдында сүйлөгөн сөзүндө Ливиядагы толкундоолор үчүн “ал-Каиданы” күнөөлөп, НАТО жана БУУну өлкөдөгү окуяларды иликтөөгө чакырды.

Каддафиге ишенимдүү күчтөр өлкө чыгышындагы шаарларды эрегишчилерден кайтарып алганга аракет кылууда. 2-мартта каддафичилер чыгыштагы Брега мунай иштетүүчү комплексин ээлеп, Аждабия шаарын бомбалаганы маалымдалды.

Европа Биримдиги Ливиядагы качкындарга берчү жардамын үч эсеге же 10 миллион еврого (14 миллион доллар) чейин көбөйттү жана регионго өз комиссарын жөнөтмөк болду. Ливиядан качкандардын саны 100 миңден ашып кетти. БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссары Ливия менен Тунистин чек арасында топтолуп жаткан адамдарды эвакуациялоо үчүн жүздөгөн учактарды берүүнү өтүндү.

XS
SM
MD
LG