Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Алтын менен мунайдын баасы көтөрүлүүдө


Жакынкы Чыгыштагы коогалаң алтын менен мунайдын баасын жогорулатты. Ливиядагы уруш жана Ирандагы козголоң алтын менен мунайдын эл аралык базардагы баасын асмандатты. 1-мартта 1 унций (31,1 грамм) алтын 1 430 долларга сатылды. Нью-Йорктун товардык биржасында 1 баррель АКШ мунайынын наркы 2, 66 долларга кымбаттап, 99, 63 долларга чыкты. Кабарларга караганда, алтын менен мунайдын кымбаттоосуна Жакынкы Чыгыштагы элдик толкундоолор мунайдын наркын жогорулатып, экономикага кедергиси тиет деген чочулоорду жараткан жана мындай шартта инвесторлор алтынды ишенимдүү капитал катары сатып алышууда.

XS
SM
MD
LG