Нобель сыйлыгынын лауреаты Мухаммед Юнус майда кредиттерди берчү “Grameen” банкынын башчылыгынан бошотулду. Бангладештин Борбордук банкынын 2-мартта билдиришинче, Мухаммед Юнус банктын ишиндеги башаламандыктарга байланыштуу төрагалыктан кетирилген. Бирок “Grameen” банк бүгүн Юнус төрага катары иштеп жатканын, Борбордук банктын чечимине каршы күрөшөрүн маалымдады. 70 жаштагы Юнус “Grameen” банкы 2000-жылдан бери жетектечү. Былтыр норвегиялык режиссердун даректүү тасмасында “Grameen” банкы салык төлөбөйт деп күнөөлөнгөндөн кийин Шейх Хасина башындагы өкмөт менен Юнустун мамилеси осолдоп кеткен. Юнус өзү финансылык айыптоону куру жалаа деп четке каккан. Анын жактоочулары Юнус 2007-жылы саясый партия түзмөк болгону үчүн куугунтукталууда дешет.