Мамлекеттик Туунун юридикалык макамы так аныкталбаса жана анын авторлорунун эмгеги белгиленбесе, анда алар сотко кайрылышат. Бул тууралуу мамлекеттик Туунун авторлорунун бири Сабыр Иптаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушу кезге чейин ооз жүзүндө гана алар Туунун автору экени айтылып келет, бирок аны тастыктаган документ берилген эмес.
Өлкөнүн Герби менен Гимнинин авторлору мамлекет тарабынан өз убагында сыйланып, алардын эмгеги белгиленген. Ал эми Туунун авторлору унутта калган.
“Мамлекеттик Туу күнүндө бул маселеге көңүл бурулабы же жокпу, күтүп турабыз. Эгер болбосо, Туунун авторлору катары, сотко кайрылабыз”,- дейт Сабыр Иптаров. (IJz)