Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Ош базарындагы айрым сатуучулар мэриянын алдына митингге чыгышты


Бишкектеги Ош базарынын жанындагы Токтогул жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан күркөлөрдүн 100гө жакын ээлери шаардык мэриянын алдында митингге чыгышты. Алар күркөлөрдүн алынышына каршы болушууда. Мэриянын Жарнак жана коом менен байланыш департаментинин жетекчиси Чынара Усупбаеванын «Азаттыкка» билдиришинче, ушул тапта чогулгандар менен шаар мэри Иса Өмүркулов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бишкек шаардык мэриясы жыл башынан бери Ош базарынын тегерегиндеги мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдү башка базарларга көчүрүү иштерин жүргүзүп келе жатат. Буга чейин күркөлөрдүн алынышына каршы болгон базардагы айрым сатуучулар бир нече ирет митингге чыгышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG