Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Евробиримдик башчысы Кыргызстандагы парламенттик демократияны колдоорун айтты


Мамлекет башчы Роза Отунбаева Бельгияга жасаган иш-сапарынын алкагында Европа Биримдигинин президенти Херман Ван Рампей менен жолугушту. Евробиримдиктин жетекчиси Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү толугу менен колдой тургандыгын, Европа Биримдиги Кыргызстан менен мамилесин арттырууга, өзгөчө парламенттик демократияны илгерилетүү жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Роза Отунбаева иш сапарынын жүрүшүндө Бельгиянын премьер-министри Ив Летерм менен сүйлөшүүлөрдү да өткөрдү. Өз сөзүндө Ив Летерм эки өлкө ортосунда пайдалуу долбоорлор болсо, аларды карап көрүп колдоо көрсөтүүгө Бельгия өлкөсү даяр экендигин белгиледи. (KKs)

XS
SM
MD
LG