Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Казакстанда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды


Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан жана 3-апрелге белгиленген шайлоодо төрт талапкер ат салышат. Алар: учурдагы президент Нурсултан Назарбаев, Элдик коммунисттик партиядан Жамбыл Ахметбеков, Казакстан патриоттор партиясынан Ганы Касымов, көз карандысыз талапкер жана эколог Мелс Елеусизов. Шайлоонун үгүт өнөктүгү 1-апрелдин түнүнө чейин уланат. Башында президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, 22 адам арыз берген. Алардын он бири казак тили боюнча сынактан өткөн эмес. Калган жетөөсү катталуу үчүн талап кылынган башка талаптарга жооп бере албады. Казакстандын негизги оппозициячыл партиялары шайлоо адилет жана эркин болбойт деп эсептешкендиктен бул өнөктүктү бойкоттошууда.

XS
SM
MD
LG