Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

КДК “Мекен Ынтымагына” кошулду


Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, анын партиясы өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотуп, “Мекен Ынтымагы” партиясы менен бирикти. Мындай чечим жаңы жана эски партияны бириктирип, Кыргызстанда жаңы саясий элитаны түзүү максатында кабыл алынды. "Ал эми президенттик шайлоого бул партия аттанабы же жокпу, азырынча чечиле элек", - деди Жыпар Жекшеев.

Кыргызстандын демократиялык кыймылы 1993-жылы түзүлгөн. “Мекен Ынтымагы” партиясы болсо 2010-жылы түптөлүп, 10-октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG