Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Германия АКШнын эки аскер кызматчысынын өлүмүн иликтөөдө


Франкфурттун полициясынын билдиргенине караганда, федералдык бийликтер АКШнын эки аскер кызматчысынын шаардын аэропортунда, автобуста бара жаткан кезде атып өлтүргөн адамдын терроризмге байланышы барбы же жокпу деген маселени аныктоого аракеттенүүдө. Аларды аткан соң качып кетүүгө аракеттенген жаш жигит азыр камакта. Анын улуту албан, өзү Косоводон. Кечээ Франкфурт шаарынын аэропортунда орун алган инциденттен америкалык эки аскер кызматчы каза болгондон тышкары, экөөсү жаракат алган. Алардын бирөөсүнүн абалы оор бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG