Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

4-мартта айрым аймактарда жаан-чачын болот


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 4-мартта Кыргызстандын айрым аймактарында бир аз жаан-чачын болушу мүмкүн. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз 1…6 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз 1…6 градус болсо, Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градуска чейин жетет. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8 градус суук, күндүз 3…5 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG