Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:54

Египетте премьер-министр кызматтан чегинди


Египеттин азыр өлкөнү башкарып жаткан Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку кеңеши Ахмед Шафигдин кызматтан чегинүү жөнүндө арызын кабыл алганын билдирди. Буга байланыштуу премьер-министрликке транспорт министри Исам Шараф дайындалып, ага жаңы өкмөттү куруу милдети тапшырылды. Ахмед Шафиг премьер-министрдин кызматына президент Хосни Мубарак тарабынан анын бийлигинин акыркы күндөрү демонстранттар Мубарактын кетишин талап кылып жаткан учурда дайындалган. Бийликти 11-февралда Мубарак президенттиктен кеткенден кийин колго алган Аскерий кеңеш өлкөнү “контрреволюциядан” коргоону убада кылган. Египетте Мубарактын айланасындагылар бийлигин сактоого аракеттенет деген кооптоонуулар жок эмес.

XS
SM
MD
LG