Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Премьер-министр, парламент төрагасы ЕККУнун төрагасы менен жолугушту


Кечээ (3-мартта) премьер-министр Алмазбек Атамбаев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы, Литванын тышкы иштер министри Аудронюс Ажубалис менен жолугушту. А.Атамбаев өз сөзүндө өлкөдөгү коомдук-саясий, социалдык-экономикалык кырдаал туурасында айтып берди. ЕККУ төрагасы кыргыз өкмөтүнүн өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга болгон аракетин жогору бааларын, Кыргызстандын парламенттик башкарууга өткөнү эл аралык коомчулукта сый-урматты жаратканын билдирди.

Андан соң А.Ажубалис Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков менен да жолугушту. Эки тарап Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгын арттыруу жаатында пикир алышып, өлкөнүн инвестициялык жагдайын жакшыртуу үчүн туруктуулуктуу бекемдөө керектигин белгилешти. (IJz)

XS
SM
MD
LG