Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Улуттук сүрөт музейинде "Делбирим" көргөзмөсү ачылат


Бүгүн Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "t'art" жаштар тобунун "Делбирим" деген аталыштагы көргөзмөсү ачылат.

Живопись жана графика боюнча жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде жаштыктын, аруулуктун учкуну мезгилдин кайнаган көз ирмемдери менен айкалышат. Көргөзмө 16-мартка чейин өтөт.

Бишкектик "t'art" (кыргызча: сүрөт тарт, кыймылда; art - искусство) тобу сүрөтчүлүктү кесип кылган жаштардын башын бириктирген чыгармачыл уюм катары 2010-жылы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG