“Интербилим” борбору башында турган бир катар бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда насвай чыгаруу жана колдонууну жөнгө салуу жана чектөө демилгелерин көтөрүп чыгышты. Алар мындай сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылуу да жөнөтүштү. Демилгечилердин жүйөсү боюнча, насвай адамдын ден соолугуна зыяндуу жана Кыргызстанда бул каражат көп учурда санитардык эрежелери сакталбай жасалып келет.
Кыргызстанда насвайга чектөө киргизүү демилгелери буга чейин бир нече жолу көтөрүлгөн. Жакында коңшу Казакстанда насвайды сатууга тыюу салынганы кабарланган. (KKs)
Кыргызстанда насвайга чектөө киргизүү демилгелери буга чейин бир нече жолу көтөрүлгөн. Жакында коңшу Казакстанда насвайды сатууга тыюу салынганы кабарланган. (KKs)