Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2011-жылдын бюджетинин аткарылышын өкмөт менен бирге эле парламент да көзөмөлгө алышы керектигин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан парламенттик өлкө болгондуктан бюджетти аткарылышына парламенттен өкүлдөр сөзсүз болушу керек. Буга чейин бул тармакты президент тескеп келген. Ошол эле учурда айрым депутаттар бул демилгени бийликти көзөмөлдөө аракети катары баалап чыгышты. (KKs)