Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Маркум милиционерлердин жакындары митингге чыгышты


4-январда Бишкекте ок жеп каза болгон үч милиционердин отуздан ашык жакындары бүгүн парламенттин имаратынын алдына митингге чыгышты. Каза болгон милиционер Алмазбек Сулаймановдун эжеси Гүлнара Сулайманованын “Азаттыкка” билдиришинче, чогулгандар укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын милиция кызматкерлеринин өлүмүнө тиешеси болгондугу айтылып, “террорчу” деп кармалгандардын айрымдарын кандай негизде коргоп жатканын түшүндүрүү талабын коюшууда. Мындан сырткары чогулгандар мерт болгон үч милиционерге “Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры” наамын берүүнү өтүнүшүүдө.

Укук коргоочу, “Жашасын Кыргызстан” партиясыны лидери Токтайым Үмөталиева “террорчу” деген шек менен кармалгандардын катарындагы Бакыт Кенжегулов жана Эдил Абдрахмановдун күнөөсү жоктугун көрсөткөн далилдер бар экендигин, милиция кызматкерлеринин жакындары менен сүйлөшүүгө барууга даяр экендигин белгиледи.

4-январда Бишкектеги 8-микрорайондогу 16 кабаттуу үйдө белгисиз адамдар аткан октон милициянын капитаны Самат Жээнбеков, милициянын ага лейтенанты Алмазбек Сулайманов, милициянын лейтенанты Пиридинбай Исмановдор набыт болушкан. УКМК бул кылмышка шектүү деп алты адамга издөө жарыялаган. 5-январдын кечинде Бишкек четиндеги Беш-Күңгөй айылында жүргүзүлгөн атайын операцияда издөө салынгандардын бирөө мерт болуп, бирөө тирүүлөй кармалган. Ал адам издөө салынган 25 жаштагы Эдил Абдрахманов экендиги аныкталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG