Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Ливия-Тунис чек арасын каддафичилер көзөмөлдөшүүдө


БУУнун Качкындар агенттиги маалымдаганына караганда, Тунис менен чек ара тилкесин Ливиянын президенти Муаммар Каддафиге ыктаган күчтөр көзөмөлгө алышты. Эми качкындардын чек арадан өтүүсүнө тоскоолдуктар түзүлүшү ыктымал. Агенттиктин басма сөз өкүлү Мелисса Флемингдин айтымында, 3-мартта Тунис тарапка 2 миңдей эле киши өттү. Алдыңкы күндөрү алардын саны күнүнө 10-15 миңге жетип турган. Кызыл Жарым Ай уюмунун Тунистеги бөлүмү тараткан маалыматка ылайык, 20-февралдан бери Ливиядан Туниске 100 миңдей киши агылган. Ал тапта Каддафиге баш ийген коопсуздук күчтөрү баш калаа Триполинин айланасына текшерүү пунктарын орнотушту. Президенттин каршылаштары жума намазынан кийин нааразылык чарасын өткөрүүнү пландашкан эле. Бирок күбөлөрдүн айтымында, шаардын көчөлөрүндө адамдар дээрлик көрүнбөйт. Козголоңчулардын колуна өткөн Брега шаары үчүн уруш уланууда. Каддафинин армиясы калааны бир нече күндөн бери бомбалап жатат.

XS
SM
MD
LG