Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Обама Ливияга жардам берилет деп ишендирди


АКШ президенти Барак Обама Ливиядагы абалды жөнгө салуу үчүн ар кыл варианттар, анын ичинде аскерий иш-аракеттер каралып жатканын билдирди. Обама Ливия оппозициясынын “Каддафи кетсин” деген талабын колдой турганын айтты. "Элдик толкундоолорду канга батыркан Каддафи легитимдүүлүгүн жоготуп койду",-деди америкалык президент.
Ал карапайым элди коргоо максатында Ливиянын аба мейкиндигин аскерий авиация үчүн жабуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Буга чейин АКШнын аскерий жетекчилиги бул демилгеге этият мамиле жасоо керектигин айтып келишкен. Обама Америка Ливия элине бар жардамын берет деп ишендирди:

- Ливиядагы абал туңгуюкка такалып, мындан ары оорлошуп кетиши ыктымал. Биз өлкөдөгү окуяларга жакындан байкоо салып турабыз. Кырдаал начарлап, гуманитардык кризис башталса, АКШ тез аракеттерди көрүүгө даяр.

Гаагадагы Эл аралык Кылмыш соту Каддафи, анын 3 баласы жана бир нече жакын адамдары адамзатка каршы кылмыш жасагандыгы үчүн шектелип жатканын шардана кылды.

XS
SM
MD
LG